Сооронбай Жээнбеков Сокулуктан өзүнө бут кийим сатып алды

Сооронбай Жээнбеков Сокулуктан өзүнө бут кийим сатып алдыЖакында президент Сооронбай Жээнбеков Сокулукка иш сапары менен барганда ал жактагы өндүрүштөн чыгарылган бут кийим сатып алды.

«Империал групп Ко» компаниясынын жетекчиси Улугбек Маликов, алардын ишканасы бут кийим чыгарат. Ишкананы ишке киргизүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 3,1 млн АКШ доллары алынган.

Бут кийим чыгарууга керектелүүчү материалдар Россия, Италия, Түркиядан алып келинет.  Ал эл аралык стандарттын бардык талаптарына жооп берет. Ишкананын продукцияларын Кыргызстан, Россия жана Казакстанга сатуу күтүлүүдө.

Өндүрүштүн кубаттуулугу — жылына 120-140 миң жуп бут кийим. Азыр 60 адам иш менен камсыз болгон, болочокто жумуш орундарынын санын 200гө чейин жеткирүү болжолдонууда.

«Империал групп Ко» ишканасынан Президент өзүнө ата-мекендик өндүрүштөн чыккан бут кийим сатып алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты