Жаан жана кар жаайт. Нарында суук

11-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. 

Жаан жана кар жаайт. Нарында суук

Нарында.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күндүз жамгыр жана кар жаайт. Айрым райондорду туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жана кар себелейт.  Түнкү төмөнкү температура -3…-5° суук, күндүзгү жогорку температура 3…5° болот.

Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты