Темир Сариев жасаткан 100дөн ашык көчмө үйлөр керекке жарап жатат!
- 7 лет мурун
- Блог
Ошого байланыштуу 2015-жылы Темир Сариев Өкмөт башчы болуп турганда мобилдик көчмө үйлөрдү даярдоону уюштурган.
Тийиштүү тапшырманы ӨКМге жүктөп, министрлик белгиленген убагынан 10 күн эрте 100дөн ашык мобилдик үй бүтүрүп берген. Аталган үйлөр жаратылыш кырсыгына кабылган жана кооптуу аймактагы элди жайгаштырууга жумшалып, кыш түшкөнгө чейин толук шарт түзүлгөн. Кумтөрдөн 100дөн ашык контейнерлерди жана аларды үй кылып даярдоого кеткен чыгымдарды чечип берген. Темир Сариевдин мындай уюштуруу жөндөмдүүлүгү менен жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу, Өзгөн районундагы айылдарда дагы жабыркаган эли үйлүү болушкан. Быйылкы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга дагы ушундай уюштуруу иши керек болуп жатат. Бир кезде Темир Сариев жасаткан үйлөр азыр да керекке жарап жатат. Азыркы өкмөт дагы Темир Сариевдин тажрыйбасын колдонушу абзел.