Алмазбек Атамбаев Индияга барбай калды
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Экс-президент Алмазбек Атамбаев эртең Индияга барбай калды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 11-январда Индияга эс алууга бараары тууралуу мурда кабарланган.
КСДП партиясынын өкүлү Жолдубаева бүгүн кечинде Атамбаев үй-бүлөсү менен кыска мөөнөттүү отпускасын кийинкиге калтырганын жана Индияга барбай калганын фейсбук баракчасына жазып, мындан саясат издебегиле деп эскертти.
Сүрөттү: Султан Досалиев тарткан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!