Эрдоган кара куурайдан жасалган баштык көтөрүүнү сунуштады

Эрдоган кара куурайдан жасалган баштык көтөрүүнү сунуштадыТүркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган желим баштыкты кара куурайдан жасалган баштыкка алмаштыруу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

“Желим баштык  жерде 500, 750, 1000 жылда да эрип, жок болуп кетпейт экен. Биз аларга чечкиндүү согуш жарыялайбыз. Биздин ата-энелерибиз баштык көтөруп жүрүшчү. Аларды ыргытпай, кирдесе, жууп алып, кайра көтөрүшчү. Мен өскөн Риза провинциясында кара куурайдан даярдалган материалдан баштык көтөрүшчү” деди Эрдоган Анкарадагы симпозиумда” деп билдирди РИА Новости.

Ал эми КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 15-сентябрында Бүтдүйнөлүк тазалык күнүндө желим баштык ордуна кагаз баштык  пайдалануу тууралуу маселе көтөргөн. “Биз ал маселе менен алектенгендерди колдошубуз керек” деген Абылгазиев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты