Болот Отунбаев АКШга, Жекшенкулов Россияга элчи болору күтүлүүдө

Болот Отунбаев АКШга, Жекшенкулов Россияга элчи болору күтүлүүдөКыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Болот Отунбаев АКШ жана Канадага, ал эми Аликбек Жекшенкулов Россияга элчи болоору күтүлүүдө.  

Отунбаевдин талапкерлиги президенттик аппарат тарабынан эл аралык иштер боюнча парламенттик комиссиянын кароосуна киргизилгенин Жогорку Кеңештин парламенттик комиссиясы билдирди.

Учурда АКШ жана Канададагы элчиликте Кадыр Токтогулов иштеп жатат. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп туруп, 2014-жылы Америкага элчи болуп кеткен.

Ал эми Аликбек Жекшенкуловдун Отунбаевдин ордуна, Россиядагы элчиликке талапкерлиги Жогорку Кеңеш жыйынында каралаары күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты