Текебаевге ырайым берилбей турган болду

Текебаевге ырайым берилбей турган болду“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча  экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчү жана аны колдогон Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын колдоосу орундалбай калды.

Президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссиянын пикиринде Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүгө анын өзүнүн ырайым сураган өтүнүчү жок болгондугу себепчи.

Ал эми Өмүрбек Текебаев өзүн күнөөсуз деп эсептеп, ырайым сурабай турганын билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаев жана аны менен кошо айыпталган Дүйшөнкул Чотонов россиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча коррупцияга катышы бар деп айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Москванын Тверь соту Мамлекеттик Думанын мурунку депутаты, ишкер Леонид Маевскийди маалыматты жашырыш үчүн  37 миңден ашык доллар талап кылгандыгы боюнча камакка алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты