Айып акчаны кымырган милиция кызматкерлерине кылмыш иши ачылды

Айып акчаны кымырган милиция кызматкерлерине кылмыш иши ачылдыБишкек шаар прокуратурасы ИИМдин 10-башкармалыгынын жана Биринчи май ИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура билдиргендей, тергөө учурунда паспорт-виза эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандардан түшкөн  731 миң 500 сомду  ИИМдин 10-башкармалыгы менен Биринчи Май ИИБ кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.

Алар жеке фирмалар менен бирге документтерди жасап, ишти жашырып жүрүшкөнү билинди. Аларга кызмат абалынан кыянат пайдалануу, коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ, мөөр даярдоо боюнча беренелер менен кылмыш иши козголду.

Топтолгон материалдар тергөө органдарына берилди

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты