Баткендин жийдеси Нью-Йорк шаарында сатылууда

Баткендин жийдеси Нью-Йорк шаарында сатылуудаКыргызстандык жердештерибиз Нью-Йорк шаарынын дүкөнүнөн кургатылган жийде сатып алганын айтып, анын сүрөтүн редакцияга жиберди. 

Кургатылган жийде Кыргызстандан чыкканы, Баткендеги “Алтын аймак”  компаниясы чыгарганы жазылыптыр.

Жийде жемишинин көп касиеттери айтылып келет. Жийде жегендер узак жашайт экен. Күнүнө 15 тен жийде жемишин жесе, кан басымы ылдыйлайт. Жийденин курамында калий, фосфор, кальций, айтор Менделеевдин таблицасындагы көп элементтер бар. Ал эми кышкысын кургатылган жийдени жеш керек дешет медицина кызматкерлери.

Айта кетсек, өткөн жылдын жай айларында Баткендин Кара-Бак айылында  “Алтын аймак” компаниясы  USAID менен биргелешип, мөмө-жемишти кургатуучу завод ачышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда  аталган эл аралык уюмдун жардамы менен алынган жабдуулар өрүк, алма, жаңгак, жийде ж.б. өсүмдүктөрдү сапаттуу кургатып чыгарууга шарт түзөөрү айтылып келген.

Мурда кургатылган мөмө-жемиштер Тажикстанга кошумча кайра иштетүүдөн өткөрүүгө жиберилип келген. Учурда кургатылган жемиштер Кыргызстандын атынан жана өлкөнүн аймагынан түз экспорттолууда. Эми минтип Американын дүкөндөрүндө жергебиздин кургатылган мөмө-жемиштери сатылып жатканы кубандырбай койбойт.

Сүрөт: Нью-Йорктогу окурманыбыз тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты