Терек-Сай кенине бульдозер алып бараткан айдоочунун жүргүнчүсүн атып кетишти

Терек-Сай кенине бульдозер алып бараткан айдоочунун жүргүнчүсүн атып кетишти

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы бул окуя жол талаштан чыкканын билдирди. BMW айдоочусу жолдон машинаны алып кой деп эскерткен жүк ташуучу машинанын айдоочусунун жургүнчүсүн  атып салган. Ок жеген киши ооруканадан кайтыш болуп калган.  

10-январга караган түнү саат болжол менен 3 төрдө Бишкек-Ош жолунун Терек-Сай айылында Volvo машинасы бульдозер жүктөп бара жаткан.  Жолдо BMW машинасы тургандыктан, жүк ташуучу машина өтө албай калган.

Жүк ашуучу машинанын айдоочусунун жүргүнчүсү  Койчиев (1988-жылы туулган) жеңил машина айдоочусуна машинанын ары жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Алар айтыша кетип, анан мушташууга өтүшкөн. Ошол учурда Аскат машинадагы мылтыгын алып, Койчиевди атып салган. Ал эми Улан Койчиев алган жаракатынан айынан ооруканадан көз жумган.

Сүрөт: Жалал-Абад обл ИИБ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты