Турдакун Абилет Кытай лагеринен бошотула элек

Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитети билдиргендей, мурда маалымат берилген  Турдакун Абилет Кытай лагеринен бошотулган жок.

Турдакун Абилет Кытай лагеринен бошотула элек

Алардын маалыматы боюнча, Кыайда камалган кыргыстандык жаран Абилет Турдакунду Бишкекке телефон чалдырып, туура эмес маалымат бердиришкен.

Мурда «Кытайда камалган кыргызстандык жаран Турдакун Абилет 17-декабрда эркиндикке чыкты. Ал Кытайдын Улуу Чатында, атасы ооруп, анын жанында калды, жакында Кыргызстанга келет» деп маалымадалган.

Кытайда саясий тарбиялоо лагерлеринде бир миллиондой адам камалганы, алардын арасынан 50 миңдейи кыргыз деп айтылууда.

Сүрөт: Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитети тарабынан берилди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты