Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев Атамбаевге доосун кайтарып алды

Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев Атамбаевге доосун кайтарып алдыАхматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана “Апрель” телеканалына болгон доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Доо арыз узаган жылдын 26-декабрында жазылган. Аны кайра жаңырган жылдын 9-январында доо ээлеринин өкүлдөрү кайра алып кетишкен.

Ал эми доо ээлери ЖМКга мурда доо арыздын айрым кемчил жактарын толуктагандан кийин кайра беришээрин билдирген.

Аталган үч саясатчы  ар бири Атамбаевден жана “Апрель” каналынан моралдык компенсация катары 3 млн. сомдон, жалпысынан 18 млн сом талап кылышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты