Жээнбеков:”Бир да реформа кемчиликсиз болбойт”

Жээнбеков:”Бир да реформа кемчиликсиз болбойт”Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулуктун тургундары менен жолугушууда сот-укуктук реформанын маңызына токтолду.

Президент белгилегендей, жосунсуз жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүм балдар, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн түз таасирине кабыл болбойт. Түзөтүү мекемелердин контингенти азаят, анткени түз жолдон адашкан жарандарды сөзсүз эле жазалоо максат эмес.

«Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым нормаларына сын пикирлер айтылып жатат. Аларды зарылдыгы болсо оңдойбуз Мисалы, айрым штрафтардын өлчөмү абдан эле чоӊ болуп калганы жөнүндө ой-пикирлер айтылып жатат. Аларды парламент, Өкмөт карап көрөт. Бирок, баарыбыз тартип менен жашоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз бул реформаны сөзсүз ишке ашырабыз», деди мамлекет башчы.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты