Жээнбеков: “Жакында коррупциялык көп фактынын бети ачылат”

Жээнбеков: “Жакында коррупциялык көп фактынын бети ачылат”Мамлекет башчы 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда коррупция менен күрөш токтобой турганын баса белгиледи.

«Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулач жайган экен, көп фактылар ачылды. Жакында көп фактылар дагы ачылат», -деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент сокулуктар менен жолугушууда транспорттук, социалдык-инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлор, тышкы саясаттагы иш-аракеттер тууралуу айтып берди.

Жаңы ишканалар көзөмөл органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди, продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду.

Дотациялуу аймактарда экспортко багытталган өнөр жай ишканаларына инвестициялык макулдашууга негизделген артыкчылыктар берилди.

Жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Натыйжада 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалды. Анын ичинен 55 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Жогоруда кадамдардын баары өлкөнүн социалдык-эконоикалык абалын, элдин турмуш-шартын жакшыртууга багытталды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты