Зилалиев: “УКМК тактап чыгып, эркиндикке чыгарат деген үмүт бар”

Мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук кызматы андан кечирим сурап, кое берет деп үмүт кылууда. Бул тууралуу Зилалиев өзү билдирди.

Зилалиев: “УКМК тактап чыгып, эркиндикке чыгарат деген үмүт бар”

Зилалиев 2018-жылдын 8-декабрь күнү байлыкты мыйзамсыз топтогон деген айып менен кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан.

«Мени кармаганда күнөөсүз экенимди тастыктап, тиешелүү документтерди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Кызмат адамы кайсы булактар аркылуу киреше тапканын түшүндүрүп бере албаса гана «Мыйзамсыз байлык топтоо» беренеси менен иш козголушу мүмкүн. Тилекке каршы, мени кармаганда, укугумду коргой алган жокмун»,- деп айтылат анын билдирүүсүндө.

«Каалагандай кескиленген видео» коомчулук алдында анын кадырын кетирүү үчүн жасалганын да айтты.  Бирок, азыр бир нерсени далилдөөгө аракет кылуу актанууга окшоп калат деген оюн кошумчалады.

«Ошондуктан азыр күтө турам. Бирок тергөөгө тиешелүү документтер берилип жатат. УКМК тактап чыгып, кечирим сурап, эркиндикке чыгарат деген үмүт бар. Убакыт көрсөтөт. Мени аэропорттон эмес, өз үйүмдөн кармашкан»,-  деди Зилалиев.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты