2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болот

2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болотПрезидент Сооронбай Жээнбеков  9-январда Чүйдөгү Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болорун белгиледи.

Мамлекет башчы  2018-жылды «Аймактарлы өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын жана негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө, айылдагы ишкерликти өнүктүрүүгө багытталганын эске салды.

Аймактарды өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, дегеле элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берээри баса белгиленди.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты