Жээнбеков: “Мугалим, врачтардын айлыгын көтөрөм деген убадам аткарылат”

Жээнбеков: “Мугалим, врачтардын айлыгын көтөрөм деген убадам аткарылат”“Мугалимдердин, врачтардын айлыгын көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыгы көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, — деди Президент бүгүн, 9-январда, Чүйдүн Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчы президенттикке талапкер кезде элге берген убадаларын унутпаганын баса белгиледи.

“Убадаларымдын негизгилери – аймактарды өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу”, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты