Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка жөнөтүлдү

Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка жөнөтүлдүКардиология улуттук борборуна №47 абактан ооруп түшкөн Өмүрбек Текебаевди бүгүн, 9-январда, кайра абакка алып кетишти.   

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым жасоо өтүнүчү менен экс-президент Роза Отунбаева, ага чейин экс-акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Жогорку Кеңештин бардык фракциясынын жетекчилери кайрылган.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү маселеси тууралуу кайрылгандардын өтүнүчү каралып жатканын билдирген.

Ал эми журналисттер менен  жыл жыйынтыгы алдындагы жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков ырайым жасоо боюнча Текебаев өзү суранса, ырайым берилерин, башка жол жок экенин билдирген.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты