11 журналисттин иши сотко өттү

  • 3 месяца мурун

11 журналисттин иши сотко өттү. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына адвокат Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, журналисттердин иши тергелип бүтүп, Биринчи Май райондук сотуна өттү.

16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин  278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген. 

Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алардын айрымдары март, апрель айында үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты