11 журналисттин иши: Келерки сот 18-июлда улантылат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум болду. Анда бардык 11 айыпталуучу суралып бүттү.

Кийинки сот 18-июлда улантылат. Келерки сотко эксперттер чакырылсын деп айтылды.  

Камалган 11 журналисттин арасынан азыркы учурда Актилек Капаров, Махабат Тажыбек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева абакта.

4-июлда Бишкек шаардык сотунда 11 журналисттин арасынан айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырылып, Актилек Капаровдун, Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Айке Бейшекееванын баш коргоо чарасын караган жок.

21-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралган. Сотто айыптоо актысы окулуп бүттү. Айыпталуучулардын баары күнөөнү мойнуна алышкан жок.

Алар — Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, азыр «Нур Пресс» маалымат борборунда иштеген Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: Сот процессинен кийин. 9-июль 2024-жыл. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты