11 журналисттин иши: Британия менен АКШнын элчиликтери кайрылуу жасашты

  • 2 года мурун

Улуу Британия менен АКШнын Кыргызстандагы элчиликтери биргеликте Темиров Live иши боюнча чыгарылган өкүм боюнча билдирүү жасашты. Билдирүү Британия элчилигинин X платформасындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Билдирүүдө «Британия элчилиги АКШ элчилиги менен биргеликте Темиров Live журналисттеринин иши боюнча Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековду түрмөгө кесүү жана Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровду пробацияга алуу боюнча сот чечимине тынчсызданып жатканын» жазышкан.

«Биз алардын апелляцияларын тез арада карап чыгууга чакырабыз. Бул иш боюнча жети башка медиа кызматкеринин акталышын кубаттап, ошону менен бирге журналисттер өз ишин аткарганы үчүн эч качан жазаланбашы керектигин белгилейбиз. Тилекке каршы, бул Кыргыз Республикасында маалымат эркиндигинин кысылып жаткандыгынын белгилеринин бири сыяктуу көрүнүүдө. Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британия Кыргыз Республикасында жана дүйнө жүзүндө сөз эркиндигин жана көз карандысыз журналистиканы колдоого бекем берилген»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча чечим чыгарган. 

Анда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратып, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарган. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталышкан.     

Сүрөт:  интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты