Тоңдо жер титиреди

Тоңдо жер титиредиЫсык-Көл облусунун Тоң районунда 9-январга караган түнү саат 01:41 де очогунда 3 баллга жетип, жер титиреди.

Тоңдун Оттук айылында 3 балл, Кара-Талаада 2,5 балл, Ак-Өлөңдө 2 баллга жетти. Кыйроолор, жапа чеккендер болгон жок.

Ал эми кечээ, 8-январда. саат 12:37 де Чүй облусунда   жер титиреп, очогунда 3 баллга жеткен. Айрыкча Панфилов районунун Өтмөк айылында бул көрүнүш байкалган.

Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты