Кытайдын Синцзян-уйгур автоном району 12 өлкө өкүлдөрүнө аймактын өнүгүшүн көрсөттү

Кытайдын Синцзян-уйгур автоном району 12 өлкө өкүлдөрүнө аймактын өнүгүшүн көрсөттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда билдиргендей, Кытайдын Синцзян-уйгур автоном районунун өкмөтү узаган жылдын  28-30-декабрында 12 өлкөнүн өкүлүн чакырып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшун көрсөттү.

Өкүл чакырылган өлкөлөр: Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд бар.

Алар Кытайдын Синцзян-Уйгур автоном районунун Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларында болушту. Меймандар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү менен таанышып, билим берүү мекемесинде, мечит, базар ж.б. жерлерде болушканы айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты