Ажылыкка барчуларды каттоо башталды

Ажылыкка барчуларды каттоо башталдыАжылык сапарга бара тургандар бүгүн, 9-январдан баштап каттала баштады.  Каттоо 31-январга чейин уланат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Кандай документтер талап кылынат?  

  1. Ажылыкка барчуларды каттоо биометрикалык ID-карт паспорту менен жүргүзүлөт.
  2. Ажылык сапарга барууну каалаган жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алат.
  3. Ал документтердин негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын карамагындагы облустук, шаардык казыяттарда катталышы керек.
  4. Ошондой эле, ажылык сапарга баруу үчүн электрондук каттоого турууга болот. Анын бир нече шарттары, талаптары бар:

а)2020-жылдын 31-январына чейин жарактуу болгон жалпы жарандык паспорту болушу шарт;

б)№086 формасындагы медициналык тактама талап кылынат; Ушул өңдүү дагы 13 талап бар.

  1. Быйыл биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдаргае эч кимдин коштоосу жок, ажылык сапарга барууга уруксат берилди.

Буга чейин аялдар күйөөсүнүн, баласынын же тууганынын коштоосу менен гана ажыга барып келишкен.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5485 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан көбүрөөк.

Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларга бааланды.

Кененирээк  muftiat.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты