Кар жаайт. Нарында суук болот
- 6 лет мурун
- Маек
Кыргыз гидромет борбору билдиргендей, 9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда — түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Таласта — түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө — түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…4;
Баткенде — түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абадда — түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Нарында — түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.
9-январда Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 м жетет.
Сүрөт; Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!