Көчөдө түкүргөндөргө салынган 5500 сом айыптын өлчөмү өзгөрүшү мүмкүн

Көчөдө түкүргөндөргө салынган 5500 сом айыптын өлчөмү өзгөрүшү мүмкүнПремьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекс жана мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда айрым айыптардын өлчөмү көп болуп жатканын, алсак, көдөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып пулду өзгөртүү тууралуу пикирин билдирди.     

«Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айып пул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Биз жол кырсыктарынын санын азайтууга жана андагы абалды жакшыртууга жетишүүбүз кажет», — деп белгиледи Премьер-министр.

Абылгазиев ошондой эле мурда жазалоо жагына басым жасалса, күчүнө кирген мыйзамдарда аларды гумандаштырууга басым жасалгандыгын белгиледи.

«Таза иштебеген инспекторлордон кызматына жана наамына карабастан арылабыз. Ошондуктан мен кыска мөөнөттө коррупциялык фактыларды болтурбоо жана алардын бетин ачуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууну тапшырдым», — деди.

Өкмөт башчынын айтымында, Тартип бузуулар жөнүндө кодексте каралган жалбырактарды, тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды туш келди өрттөө, ошондой эле көчөдө түкүрүнүү үчүн жаңы айыптардын киргизилиши коомдо кызуу талкуу жаратты. Кодекстин өзү парламентте узак талкуудан кийин кабыл алынып, анда түкүрүнүү үчүн айып менен толукталган.

«Албетте, биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Айып салуу – бул объективдүү чара” деп ырастады Абылгазиев.

“Бирок түкүрүккө 5500 сом дегенди карашыбыз керек го. Бул терс көрүнүш, бирок айып пул салуу жагын да карашыбыз керек” деди премьер-министр.

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизилген мыйзам, кодекстердин маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо  кызмати билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты