Дары-дармек талабын бузгандарга айып салынды
- 6 лет мурун
- Маек
Өткөн жылы дары-дармек жүгүртүү талабын бузгандарга 342 миң сом айып салынды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтуусунда 2018-жылы 174 пландуу жана 23 плансыз текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 342 миң сом суммасындагы 38 айыппул салынды.
Сүрөт: Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!