Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди


Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда төрт жарым айдан соң, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Президенттин айтмында, 15-октябрда калк жаңы мамлекет башчысын тандайт. «Акыркы айларда мен өткөн күндөргө баам салып, президент катары жасаган иштеримди талдап жатам. Кудайга рахмат! Анын жардамы менен соңку 5-6 жылда мамлекетти түйшөлткөн көптөгөн маселелер чечилди», — деди Атамбаев.

Президент тынчтыктын жана туруктуулуктун орношун – эң негизги жетишкендик катары эсептейт.

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты