Жогорку Кеңештин алдында түкүргөн жигит түшүнүк кат жазды

Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, ал үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин билдирген жаран Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Жогорку Кеңештин алдында түкүргөн жигит түшүнүк кат жазды

8-январга караган түнү ал кармалып, түшүнүк кат жазды. Милициядан чыккан соң, ал мындай кадамга элдин үнүн бийликке жеткирүү максатында барганын, мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Бишкек милициясы жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекске ылайык мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарта турганын айткан.

Аталган кодекстин 71-беренесине ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Айрым Интернет колдонуучулар аталган жигиттин жоругун колдосо, башкалары аны адепсиздик катары кабыл алышкан.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты