Жалал-Абадда абакка баңгизат алып кирген депутат кармалды
- 6 лет мурун
- Маек
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине баңгизат алып кирип бараткан жергиликтүү депутат кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Декабрь айынын соңунда абактагы жакынына жолугушуу максатында келген Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин 42 жаштагы депутатынан нашаа табылган.
Бул факт боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренесине ылайык иши козголуп, депутат камакка алынган.
Бирок, шаардык соттун чечими менен депутат үй камагына чыгарылды. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.