Лебединовкада милиционер аялды зордуктоого аракет кылышкан

Лебединовкада эки белгисиз киши тарабынан Токмоктон Бишкекти көздөй унаа менен келе жаткан 26 жаштагы аялды зордуктоо аракети болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Лебединовкада милиционер аялды зордуктоого аракет кылышкан

Жабырлануучу борбор калаадагы ички иштер башкармалыктарынын биринде эмгектенет.

«1-январь күнү саат 23.00дөр чамасында Бишкекти көздөй багыт алган аял Токмок шаарынан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаага отурган. Салондо эки жүргүнчү эркек болгон. Жолдон кыз менен эркектердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, Лебединовкага жеткенде зордуктоого аракет жасашкан», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу «102» кызматына чалып кылмыш тууралуу кабарлаган. Аталган факты каттоого алынып, Аламүдүн райондук ИИБ 35 жана 40 жаштагы шектүүлөрдү колго түшүргөн. Экөө тең тергөө абагына киргизилди. Аталган факты боюнча Кылмыш — жаза кодексинин 39-161-беренелери (Зордуктоого аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты