Интернетте Ак үйдүн алдына келип түкүргөн жигиттин видеосу тарады

Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу интернетте тарады.

Интернетте Ак үйдүн алдына келип түкүргөн жигиттин видеосу тарады

25-30 жаштагы белгисиз жигит Ак үйгдүн алдына келип, өзүнүн нааразылыгын айтып туруп, анын тосмосуна карай түкүргөнүн видеодон көрүүгө болот.

— Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына…, — деп туруп, Ак үйдү көздөй түкүргөн. Андан соң ал капчыгынан 5500 сом алып чыгып, «келип алып кеткиле» деген.

2019-жылдан баштап өзгөртүүлөр киргизилген жаңы кодекстер күчүнө кирген. Жаңы өзгөрүүлөрдүн ичинде коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынат. Мындай жорукка 5500 сом айыппул каралган.

Жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынуучу айыппулдун өлчөмү да бир нече эсе көбөйгөн. Учурда коомчулукта айыппулдардын маңызы жана өлчөмү кызуу талкууга түшүп жатат. Айрымдар айыппулдардын өлчөмү орточо маянадан да көп экенин айтып нааразы болсо, башкалар бул чаралар жол кырсыктарын азайтып, эреже бузгандарды тизгиндей тургандыгына ишенет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты