Чылым тартууга тыюу салынган жайлардын тизмеси

1-январдан тартып Кыргызстанда “Мыйзам бузуулар боюнча кодекс” күчүнө кирди.

Чылым тартууга тыюу салынган жайлардын тизмеси

Ага ылайык төмөндөгү жайлардада чылым чегүүгө болбойт:

—Билим берүүчү бардык жайларда;

—Балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда;

—Саламаттыкты сактоого тийиштүү;

—Өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде

—Чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет;

—Китепкана;

—Көргөзмө зал;

—Аудитория;

—Чоң жана маршруттук автобус;

—Такси, учак, кеме, поезд, лифт;

—Калкты тейлөө жайлары;

—Уйлөрдүн кире бериштери,;

—Жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттар;

—Чылым тартууга атайын бөлмөсү жок коомдук тамактануучу жайлар да тамеки тартууга тыюу салынган жерлердин тизмесине кирди.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот.

Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1 миң сом, мекемелерге 5 миң сом айып пул салынат.

 

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты