Адвокат: «Өмүрбек Текебаевдин абактан чыгуусун кечеңдетүү чаралары көрүлүп жатат»

Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабайт. Бул тууралуу анын адвокаты Искен Афиджанов 6-январда Текебаев дарыланып жаткан ооруканада өзү менен жолугуп чыккандан кийин билдирди.

Адвокат: «Өмүрбек Текебаевдин абактан чыгуусун кечеңдетүү чаралары көрүлүп жатат»

Жактоочунун айтымында, Текебаев өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ошол себептүү ал шейшемби күнү 8-январда ооруканадан кайра абакка кайра которулушу мүмкүн.

— Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлери кол койгон өтүнүчтү президент канааттандырбайт деп божомолдоп жатабыз. Анткени алдын ала мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкалар бул тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту алдын ала даярдап жаткандай болууда. Ал эми Текебаев ырайым берүү боюнча эч кандай өтүнүч келтирбейт. Эмнеге дегенде ал Атамбаевдин диктатордук режиминин курмандыгы болуп жатат.

Буга чейин Текебаев жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөгөнүн, мыйзам боюнча ушул жылдын март айында жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Афиджанов Текебаевдин абактан чыгуу мөөнөтүн узартууга аракет көрүлүп жатат деген маалыматтар бар экенин билдирди.

— Биздин эсебибиз боюнча 2019-жылдын 20-мартында Текебаев мыйзамдын негизинде жатак абакка чыгууга укуктуу. Азыр, ким экенин айта албайбыз, бирок мурдагы жана азыркы бийликте да иштеп жаткандар “Силер туура эмес эсептеп алгансыңар, башкача эсептелет. 2020-жылдан эрте чыкпайт” деп айтып жатышат.

Президенттин басма сөз кызматы Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген. Мунун алдында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бул өтүнүч Жээнбековду мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатканын айткан.

“Ата Мекен” партиясынын негиздөөөчүсү жана лидери Өмүрбек Текебаев «орус жаранынан ири суммада пара алган» деген айып менен былтыр февраль айында кармалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Муну ал өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук катары баалап келет. Ал ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага 13-декабрда которулган.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты