Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө кайра операция жасалды

 

Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге кайра операция жасалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө кайра операция жасалды

4-декабрда Осмонбек Артыкбаев Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жаткырылган болчу.

«Бүгүнкү күндө Артыкбаев ооруканада жатат. Буга чейин ал комплекстүү кароодон өткөн», — деп билдиришти УКМКдан.

Ал эми депутаттын учурдагы абалы туурасында маалымат айтылган жок.

Былтыр жайында Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы маалым болгон.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 5-июнунда Артыкбаевге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага Бишкек ТЭЦти модернизациялоонун алкагында коррупциялык иштерге барган деп айып тагылган. Бул иш боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурундагы башчысы Салайдин Авазовдор камалган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты