70 жылдан бери биринчи жолу Кытай элинин саны азайды

 

2018-жылы Кытай элинин саны 1,27 миллион кишиге кыскарган. Висконсин (АКШ) университетинин адиси И Фусянь менен Пекин университетинин экономисти Су Цзянь Кытайдын саламаттык сактоо жана төрөлүү боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтарын иликтеп жатып келишкенин жазган.

70 жылдан бери биринчи жолу Кытай элинин саны азайды

Мындай көрүнүш 70 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат.

Былтыркы жылы 2017-жылга салыштырмалуу ымыркайлар 2,5 миллионго аз төрөлгөн. Ал эми окумуштуулар бир жыл мурун «Бир үй-бүлө — бир бала» деп аталган мамлекеттик демографиялык саясат жоюлгандан кийин жарыкка келген балдардын саны кыйла көп болот деп болжолдошкон.

Адис И Фусяндын айтымында, калктын саны мындан ары да кыскара берет. Буга окумуштуу демографиялык чектөөлөрдөн улам көз жарууга жарамдуу курактагы аялдардын азайышы себеп дейт.

Ошондой эле, бүгүнкү күндүн жаштары баланы багууга, анын билимине кеткен чыгым капчыкка оордук келтирерин айтып, наристелүү болуудан баш тартып жатканыга себепкер дешүүдө.

Улуттук статистика бюросу элдин саны тууралуу жаңы маалыматтарды айдын аягына чейин жарыялашат. Мекеменин иликтөөсү боюнча 2017-жылы Кытайда 1,4 миллиард адам жашап келген.

«Бир үй-бүлө — бир бала» деп аталган мамлекеттик демографиялык саясат 1979-жылы киргизилип, 2016-жылга чейин иштеп келген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты