Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү каралып жатат

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү караплып жатканын өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү каралып жатат

Аталган өтүнүч экс-президент Роза Отунбаева тарабынан келтирилген. «Текебаевдин иши саясий буйрутма экени башынан эле баарына белгилүү болгон»,-деп айткан экс-президент. Демилгени Жогорку Кеңештеги алты фракциянын жетекчилери колдоого алган.

Толгонай Стамалиева өтүнүчтү президенттик аппараттын тийиштүү бөлүмү карап чыккандан кийин кайра атайын комиссия иликтей турганын билдирди. Эгерде сунуш жеке тараптар тарабынан берилсе, эки жумада, ал эми юридикалык жак демилгелесе, бир айдын ичинде караларын да айткан.

«Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери тууралуу» мыйзамы боюнча өтүнүчтү карай турган комиссияны президент түзөт, ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кире алат.

Мунапыс берүү боюнча материалдардын баарын карап чыккандан кийин комиссия президентке ырайым кылуу боюнча сунуш киргизет же аны четке кагат. Четке кагылган учур тууралуу президент да кабардар болушу зарыл.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында соттук чечимдерге кийлигишүүгө укугу жок экенин, бирок Текебаев кайрылса ырайым кыла ала турганын айткан. Ал эми абактагы саясатчы ырайым кылууну өтүнбөй турганын билдирген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты