Өлкөдөгү спорт мектептерине бир жылга 393, 9 миллион сом бөлүнөт

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин бирдирүүсү боюнча, алардын  карамагында 73 спорт мектеби бар.
Өлкөдөгү спорт мектептерине бир жылга 393, 9 миллион сом бөлүнөт

2018-жылга карата чыгарылган статистикалык маалыматка ылайык, өлкөдөгү спорт мектептерде машыккандардын жалпы саны 43 980 адамга жетет. Бул сан Кыргызстан калкынын 0,84 пайызын, 9дан 29 жашка чейинки жаштардын 3,6 пайызын түзөт.

Аймактар боюнча салыштыра келгенде Жалал-Абадда спорт менен машыккан жаштардын саны 8810го жетип сап башына чыкса, спортчуларынын саны 3828ди түзгөн Баткен облусу эң төмөнкү сапка түшкөн.

https://www.facebook.com/sport.gov.kg/photos/pcb.1856561274471727/1856559147805273/?type=3&theater

Облустардагы спорт мектептери жана жылдык бюджеттери тууралуу сатистика:

— Ош облусу — 9 (мектеп), бюджети — 43 миллион 956 миң сом;

— Чүй облусу — 11, бюджети — 49 миллион 826 миң сом;

— Нарын облусу — 10, бюджети — 39 миллион 669 миң сом;

— Талас облусу — 8, бюджети — 29 миллион 117 миң сом;

— Жалал-Абад облусу — 16; бюджети — 54 миллион 163 миң сом;

— Ысык-Көл облусу — 9, бюджети — 46 миллион 83 миң сом;

— Баткен облусу — 6, бюджети — 15 миллион 473 миң сом;

— Бишкек шаары — 4, бюджети — 115 миллион 590 миң сом.

Облустарда жашаган калктын жана жаштардын (9дан 29га чейинки курактагылар) санына карап эсептегенде Баткен облусу позициясын өзгөртөт. Баткенде жашаган калктын 0,74, жаштардын 2 пайызы спорт мектебинде окуйт. Жалал-Абад облусу алдыга чыгып элдин 0,73, жаштардын 7,5 пайызы спортту тандаганы жазылат. Ош облусунда болсо спорт мектебинде окугандардын саны өтө эле аз, алар калктын 0,46, жаштардын 1,2 пайызын түзөт.

https://www.facebook.com/sport.gov.kg/photos/pcb.1856561274471727/1856559154471939/?type=3&theater
Белгилей кетсек, аталган статистика Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагындагы гана спорт мектептеринде окугандардын санынын негизинде түзүлгөн.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты