ИИМдин академиясында иштеген ашпозчулар отпускной, премия дегенди 15 жыл көргөн да, колуна кармаган да эмес

ИИМдин академиясында иштеген ашпозчулар отпускной, премия  дегенди 15 жыл көргөн да, колуна кармаган да эмес

Интернет булактарынан алынды.

Ички иштер министрлигинин академиясында иштеген ашпозчу аялдар, баардыгы болуп алты адам, 15-20 жылдан бери эмгек өргүүгө чыкканда бериле турган акчасын, он үчүнчү айлык маянасын, премия албай келишет экен. Бул туурасында ИИМдин академиясынын алдындагы Финансы чарбалык камсыздоо башкармалыктын азык-түлүк кызматынын башчысы Афтандил Кадыркулов айтып чыккан. Эмгек кодексине ылайык, жумушка кабыл алынган адамга милдеттүү түрдө бир жылда бир жолу эмгек өргүүсү берилип, ага акча төлөнүшү керек.

ИИМдин академиясында иштеген ашпозчулар отпускной, премия  дегенди 15 жыл көргөн да, колуна кармаган да эмес

Афтандил Кадыркулов

Кадыркуловдун айтымында, өзү жетектеген ИИМдин академиясынын алдындагы финансы чарбалык камсыздоо башкармалыктын азык-түлүк кызматында алты киши эмгектенет. Алар беш күн иштеп, беш күн бош болгону менен таңкы 5.30дан баштап кечки 20.30 чейин иштеп  — 2,5-4,5 миң сом өлчөмүндө айлык маяна алышат.
“2014-жылы декабрь айында ИИМдин академиясынын алдындагы финансы чарбалык камсыздоо башкармалыктын азык-түлүк кызматына келдим. 2015-жылы “Кол алдымда иштеген кызматчылардын айлыгы аябай аз экен. Булар беш күн иштеп, беш күн бош болгону менен күнүнө 15 саат иштешет. Алганы 2,5-4,5 миң сом” деген маселени көтөрүп чыктым. Кызматчыларымдын айтымында, алардын көбү жыйырма жылдан бери академияда эмгектенишет. Бул жылдардын аралыгында бир да жолу эмгек өргүүсүнө чыкканда бериле турган акчасын, премия, он үчүнчү айлык маянасын алышпаптыр. Мисалы, алар июль айы эмгек өргүүсүнө чыгышса, июнь айынын айлык маянасын алышат. Эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин август айы иштеп туруп август айынын айлык маянасын алышат экен. Ал эми он үчүнчү айлыкты таптакыр эле алышпайт. Мен бул маселе боюнча ИИМ академиясынын мурдагы жетекчисине кайрылганымда, ал “Ооба, бул маселени териштиребиз” деп атып кызматынан кетип калды. Ошону менен бул маселе токтоп калган. 2016-жылы жумушка чыгып иштеп жатсам, ашканада иштеген ишкерлерим келип “Башкалардын айлыгы көбөйүптүр, биздики эмнеге көбөйбөйт. Керек болсо бизден Профкомдун төрагасы Динара “айлыгыңарды көбөйтө турган кишиге беребиз” деп миң сомдон чогултуп алган” деп калышты” — дейт Кадыркулов.
Кадыркулов катардагы ашкананын ашпозчусунун 20 жылдык эмгек өргүүсүнө төлөнө турган акчаны эсептеп чыккан. Бул көрсөткүч 1 жарым миллион сомдон 3 жарым миллион сомго чейинки акча каражатын түзгөн. Академиянын жетекчилиги бул маселе боюнча эч кандай чечим кабыл албаганынан улам, кызматкерлер Свердлов райондук сотко 2016-жылдын 12-ноябрында арыз жазышкан. “Соттон “ашканада иштеген кыздардын айлыктары туурасында справка бергиле” деген кагаз келгенде академиянын жетекчиси ашканада иштегендерди коркутуп, жазган арыздарын алдырып коюптур. Коркутуп эле тим болбостон “Силер Кадыркуловго ишенсеңер, соттук териштирүүгө кеткен чыгымдардын баарын силер төлөп каласыңар”  деп айтышыптыр” дейт Кадыркулов.
Ошол эле учурда ал Академиянын ашканасында иштеген кыздардын табелин күнүнө сегиз сааттан иштеп атат деп толтурат. А чындыгында алар күнүнө он беш саттан иштеп, он беш күндүн ичинде 225 саат иштешет. А табель боюнча 176 саатка эле каражат төлөнүп берилет. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин №90 беренесинде “Жумуш убактысынын ченемдүү убактысы жумасына 40 саттан ашпоого тийиш” деп баса белгиленген. Бирок ИИМдин академиясынын ашканасынын кызматкерлери жумасына 40 сааттан ашык убактысын жумушка бөлгөнү менен аларга кошумча каражат төлөнүп берилбей келет.

Ашканадагы ашпошчулар эмне дейт?
Милициянын подполковниги Кадыркулов Афтандил мырзанын айткандарын уккан соң кол алдында иштеген ишкерлердин тизмесин тизмектеп алган элек. Кадыркуловдун айткандарына таянып, ашканада иштеген кыздардын бирине телефон аркылуу байланышка чыгып,    өзүмдүн журналист экендигимди айтсам, “Бүгүн сиз биздин жетекчибиз Аалиевге келген сизсизби? Мен бул боюнча эч нерсе айта албайм. Конокто болчумун, эртең чалыңызчы” деп трубканы койгонго шашты. Айтор, мындан улам “жетекчилик менин барып кеткендигим туурасында буларга эбак эле маалымат берип, ооздуктап койгонбу?” деген ой пайда болду.
Тизмедеги калган кызматкерлерге чала баштадым. Акыры ишкерлердин басымдуу бөлүгүнөн “Биз премия албайбыз. Бир эле жолу он үчүнчү айлыкты алганбыз. Июнь айынын айлыгын алып эмгек өргүүсүнө кетебиз. Келгенде эч кандай кошумча каражат албайбыз” деген жооп алдык. Бирок алар жетекчиликтен коркорун айтып, аты-жөнүн анонимдүү калтырууну суранышты.

Аты-жөнүн атагысы келбеген ашканада иштегендердин бири “Биз июнь айынын айлыгын алып эмгек өргүүсүнө кетчүбүз. Июль бүткөндө август айы иштеп, анан маяна алчубуз. Ал эмне акча экенин билбейм. Бухгалтериядагылар “Силер он эки ай бою айлык алчу экенсиңер” деп моюнубузга коюп салышты. Ал эми он үчүнчү айлык маянаны академияда жыйырма жылга жакын убакыт иштеп бир эле жолу алганымды билем. Премия дегенди да бир жолу алгам. Премияны берерин берип коюшуп, кайра айлыгыбыздан бөлүп-бөлүп кармап калышчу. Биз акчаны барып эле карточкадан алабыз да. Мурда айлыгыбыз 5000 сом оклад болсо, азыр 3500 сом болуп калды. Ашпозчулардан төрт кыздыкы кыскарды. Динара деген профком Өкмөттүн 2014-жылдын №28 токтомун таап келди. Алардын өздөрүнүн айлык акысы көбөйүп, биздин окладыбыз азайып калыптыр. Булар баардыгын биздин мойнубузга коюп “он үчүнчү айлык силерге берилбейт. Эмгек өргүүңөргө бөлүнгөн каражат айлык болуп берилип атат” дешти. Эч кимиси бизге бул силердин эмгек өргүүсүндөгү каражатыңар деп айткан жок да” – деп билдирди.
“Мен ушунча жыл иштеп жүрүп он үчүнчү айлык маяна дегенди 2006 же 2007-жылы тогуз миң өлчөмүндөгү акча алгам. Андан кийин бир да жолу алган жокмун. Эмгек өргүү үчүн каралган каражат деп эч качан алчу эмеспиз. Мисалы, бир ай эс алып келгенден кийин, кайра бир ай тынбай иштейбиз. Бир ай эс алганыбыз кайсы, кайра бир ай тынбай  иштегенибиз кайсы? Эмгек өргүүсү үчүн буга чейин эч кандай каражат алган эмеспиз. Ал эми премия дегенди көргөн да эмесмин. Бир жолу материалдык жардам алганбыз. Кийин, эмгек өргүүсүнө кетип атканда “Өткөндө материалдык жардам алыпсыңар, ошого кармайбыз” деп берген акчасын кармап коюшкан. Ошол эсимде калыптыр. Анткени эмгек өргүүсүнө кетип атканда эч акчасы жок кеткенбиз,” – деп аты-жөнүн атагысы келбеген экинчи ашкананын кызматкери билдирди.
“Он үчүнчү айлык маяна, премия албайбыз. Ооба, он үчүнчү айлыкты бир эле жолу алганбыз. Эмгек өргүүсү үчүн каралган каражатты бизге “Силер кетип атканда бир айлык маянаңарды алып кетип атпайсыңарбы” деп түшүндүрүп коюшту. Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. Мисалы, мурда биздин айлык 4800 сом болсо, январда 5300 сом алдык. Менин түшүнүгүм боюнча Өкмөттүн 2014-жылдын №28 токтому негизинде кошумча акчалар кошулганда 5300 сом болуп калыптыр.” – дейт дагы бир атын атагысы келбеген ашкананын ашпозчусу.

ИИМдин академиясынын жетекчилигинин жообу…

Окуя боюнча ИИМдин академиясынын орун басары Жаныбек Аалиев академиянын алдындагы

ИИМдин академиясында иштеген ашпозчулар отпускной, премия  дегенди 15 жыл көргөн да, колуна кармаган да эмес

ИИМдин академиясынын орун басары Жаныбек Аалиев.

финансы чарбалык камсыздоо башкармалыктын азык-түлүк кызматынын кызматкерлеринин айлык маяналары убак-убагы менен мыйзамдын негизинде, табелде каралган саатына жараша берилип турарын баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

—Кадыркулов бул маселе боюнча силерге эле кайрылган жок. Мурда мамлекеттик техникалык инспекциясына кайрылган. Алар текшерүүлөрдү жүргүзүп “ИИМдин акамемиясынын бизге, биздин аларга эч кандай дооматыбыз жок” деген жыйынтык чыгарышкан. Андан кийин ашканада иштеген кызматкерлер бизге төмөнкүдөй кайрылуу жазышкан. Анда “Биздин кайрылуубуздун себеби, Кадыркуловдун биздин атыбыздан ар кандай биз түшүнбөгөн арыздар менен биздин иштеп жаткан ишибизге тоскоолдук жаратып жатат. Биздин атыбыздан жогорку жактарга арыз, кайрылууларды жазып жаткандыгына биздин тиешебиз дагы жок. Бизди өтө ыңгайсыз абалга калтырганына байланыштуу сизден Кадыркуловго чара колдонуп берүүңүздөрдү суранабыз. Сиздерди оңтойсуз абалга калтыргандыгыбыз үчүн сиздерден кечирим сурайбыз” деп жазылган.
Андан сырткары Кадыркулов Башкы прокуратурага да арыз менен кайрылган, алар ишти карап, биздин коопсуздук кызматына өткөрүп берди. Алар бүгүнкү күндө карап атышат. Кадыркулов “Айлыкты көбөйтөбүз деп миң сомдон алышыптыр” деп айтып атпайбы, мунун баары болбогон эле сөз. Ал түшкө кирбеген акчаларды айтып атат. Ооба, алган айлык маяналары аз. Биз алардан эч кандай акча алганга укугубуз жок.

Академиянын жетекчисинин орун басарынын айткандарына кулак салып отурган каржылоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы Бурул Бакчиева сөзгө кошулду. Анын айтымында, ар бир айдын 28инен 31ине чейин айлык маяналарын карточкаларына которуп беришет. Чындыгында айлык маяналары аз.
“Биз айлыкты табелдин негизинде эсептейбиз. Табелди Кадыркулов өзү “күнүнө сегиз саат иштеди” деп толтуруп берет. Ошонун негизинде айлыктары эсептелет. Эгерде Кадыркулов канча саат иштесе ошончо саатты жазганда айлыгы ошого жараша эсептелип берилмек да” дейт бухгалтер Бурул Калчабаева.
Ал эми Кадыркулов жетекчилик ага 8 саатка эле табель толтурушуң керек деп буйрук бергенин айтат.
“Ооба, ашканада иштеген кыздарын табелин мен “күнүнө сегиз саат иштешет” деп толтуруп берем. Сегиз саат деп толтурбайм десем жетекчилер “анда ашпозчуларың айлык ала албай калышат” деп айтышты. Негизи КРнын эмгек кодексинде бир жумада иштеген убактысы 40 сааттан ашпаш керек деп жазылган да. Демек, табелге сегиз саат деп жазылган күндө да, калган иштеген убактысына компенсация катары каражат бөлүнүп берилиши керек да. Мен бул боюнча 2017-жылдын 6-январында Свердловский  прокуратурага өзүмдүн үстүмөн “Мен кылмыш жасадым” деп арыз жазгам. Эми менин үстүмдөн иш козгоп, кыздардын айлыгын төлөп беришсин.” — дейт Кадыркулов.

Бухгалтерлер акыркы беш жылдын архивин көтөрүп берди. Аларга көрсөткөндө алар “эже, эстедик, отпускнойду алганбыз” деп атышат. Июль айында курсанттар каникулга кеткенде баарыбыз каникулга кетебиз. Каникул учурунда бул жерге киргенге да болбойт. Ошол себептен бардык кызматкерлерге отпускнойлору которулат. Бизге каражат бекитилген план боюнча финансы министрлигинен бөлүнүп берилет. Баардыгы карточка менен берилгендиктен бухгалтерлердин колуна эч кандай акча каражаты тийбейт. Бухгалтерлердин түшүнүгүндө он үчүнчү айлык маяна деген термин жок. Жыл ичинде бирөө жумуштан кетсе же пенсияга кетсе анын айлык маянасы фонд экономияда калат. Ошентип жылдын аягына чейин топтолуп калган каражатты жыл аягында премия катарында беребиз. Аны карапайым эл он үчүнчү айлык деп атап алышкан. 2015-жылы эки ашпозчу, бир ашкана жумушчусуна сөгүш берилген. Кийин аларга сөгүш жарыяланганына байланыштуу премия берилбей калган. Эмне үчүн бизден ошону эсептебейсиңер деген пикирлер болгон. Ай сайын айлыктарынын 33 пайызы окладына кошулуп берилет,” – дейт Бурул Бакчиева. Бухгалтердин айтымында, алар ай сайын айлык маянасынын 33 пайыз өлчөмүндө премия алып турушат экен.

Жогоруда Кадыркулов “Профкомдун төрагасы Динара 1000 сомдон алыптыр кызматкерлерден деген эле. Биз сүйлөшүп отурганда академиянын жетекчисинин орун басары Аалиев Динара айымды да чакырды. Ал келип, эч кимден 1000 сом албагандыгын тастыктап, тескерисинче, аларга майрамдарда жакшы белектерди берип, путевка менен эс алдыруу үчүн жибергендигин айтты. “Мен алардан эч кандай акча алган эмесмин. Мен төртөөнү “Булар бекер эс алып келишсин” деп путевка менен бекер Ысык-Ата санаторийине эс алуу үчүн жибергем. Кошумча ар бирине 500 сомдон жол киресине акча бергем.” – дейт профсоюздун төрагасы Динара Даниярова.
“Ишкерлердин өздөрүнүн жазган арызынын негизинде биз айлыгынан бир пайыздан кармап, профсоюзга котором. Профсоюздун акчасын көзөмөлдөгөнгө менин акым жок” дейт академиянын каржылоо жана бухгалтер эсеп бөлүмүнүн башчысы.

Министрлик не дейт?

Окуя боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар төмөнкүдөй жооп кайтарышты: 2017-жылдын 9-январында Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы А.Кадыркуловдун кайрылган арызы боюнча пландалбаган, текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүгө тиешелүү кызматтын башчылары, ашкананын ашпозчулары жана А.Кадыркулов өзү дагы катышкан. Текшерүүдө эч кандай эмгек укугу бузулбагандыгы аныкталган. Текшерүүгө катышкан ашпозчулар А.Кадыркуловдун Мамэкотехинспекциясына арыз жазгандыгы тууралуу маалыматтары жок экенин айтышып,  өз кызматтары толугу менен канааттандыраары жана Академиянын жетекчилигине эч кандай арыз-дооматы жок экенин билдиришкен. Мындан соӊ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Жарандардын арыздарын кароо тартиби» тууралуу текшерүү иши  токтотулган. Азыркы учурда ИИМдин Ички аудит кызматы Академиянын жалданма (вольнонаемный состав) жана жарандык курамынын эмгек акылары боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-бөлүмүнүн 116-беренесинин негизинде, жогоруда аталган кызматкерлерге, кызмат орду жана айлык акысы сакталуу менен эмгек өргүүсүнүн маянасын жыл сайын алып жүрүшкөнү аныкталды.

Ал эми кызматкерлердин айлык акылары табелдик эсепке ылайык төлөнөт. Азык-түлүк кызматынын табелдеринде ашпозчулардын ашыкча кызмат күнү колдонулганы белгиленген эмес. Ошондой эле ал табелдерге азык-түлүк кызматынын башчысы А.Кадыркулов өзү кол койгон.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

ИИМдин академиясында иштеген ашпозчулар отпускной, премия  дегенди 15 жыл көргөн да, колуна кармаган да эмесБул макала IWPRдын  Европалык Кеңештин каржылоосу менен өтүп жаткан «Демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу үчүн журналисттик иликтөөлөр практикасын түптөө” долбоорунун алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты