Балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. 4-январда башталган иш-чара Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин имаратында өтүүдө. Турнирдин жыйынтыгы 12-январда чыгат.

Балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат

Аталган чемпионаттын уюштуруучулары — Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргызстандын Шахмат федерациясы жана «FOFINGO» уюму.

“Бул турнир жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл жылдагыдан эң көп спортчу — Кыргызстандын бардык аймактарынан 625 бала катышууда”,-деп билдирди Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты