Жаңы жылдан бери мас айдоочуларга 262 500 сом айыппул салынды

Жаңы жылдан бери мас айдоочуларга 262 500 сом айыппул салындыУшул жылдын 4-январына чейин өлкө боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду.

Жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 1-январда биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, 17 500 сом айыпка жыгылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты