5-анварь: Кар жаап, туман түшөт

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, эртең аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор муз, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

5-анварь: Кар жаап, туман түшөт

Облустардагы аба-ырайы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -9…-14 градус болот.

Ал эми Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1 градус болот. (BTo)

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты