Мас абалында автоунаа айдагандар 55 000 сомго чейин айып пул төлөшөт

1-январдан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы үчүн айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, Административдик кодекс жаңыланды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан айтып беришти.

Мас абалында автоунаа айдагандар 55 000 сомго чейин айып пул төлөшөт

Буга чейин айып пулдарды жогорулатуу сунушталган. Автоунааны мас болуп айдаганы үчүн 10 миң сом айыпка жыгылчу. Өзгөртүүдө 17 500, ал эми кызматтагылар 55 000 сомго чейин төлөсүн деген сунуш киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, бул өзгөртүү 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Алар автоинспекторлор бул өзгөрүүлөр туурасында республикадагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштаарын айтышты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты