Калктын саны 6 миллион 257 миңди түзөт

2018-жылдын башталышына карата Кыргызстан калкынын саны 6 миллион 257 миңди түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Калктын саны 6 миллион 257 миңди түзөт

Жалпы элдин үчтөн бир бөлүгү же 33,9 пайызы шаарда жашаса, 66,1 пайызы айыл жергесинде жашайт. Өлкөгө киргендерге караганда чет жакка чыгып кеткендердин саны көбүрөөк болгондуктан калктын саны табигый өсүүдө экени белгиленет.

Калктын 34 пайызын балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 59 пайызы эмгекке жарамдуу курактагылар болсо, 7 пайыздайы жашы өтүп калган адамдар. 2017-жылдын жыйынтыгы менен жакырчылыктын деңгээли 25,6 пайыз экени белгилүү болду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты