Күбөлүк топтогон аялдар көрсөтмө беришти

Компенсация берүүнү убадалап, күбѳлүк топтоо фактысы боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул туралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Күбөлүк топтогон аялдар көрсөтмө беришти

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Союз маалында тѳрѳлгѳндѳргѳ акчалай компенсация берилет» деп, СССР кезинде туулган жарандардын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктѳрүнүн кѳчүрмѳсүн топтоп, жалган маалымат таратуу фактысы боюнча “Алдамчылык” беренеси менен боюнча козголду. Бүгүнкү күндѳ бул жалган иш чараны уюштуруучулардын үстүнѳн 4 жарандан арыз түшүп,тергѳѳ амалдары башталды.
Уюштуруучулардын сѳздѳрүнѳ ишенишип, күбѳлүктѳрдүн кѳчүрмѳсүн жыйнаган эки жаран көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү айтышкан.
—Бизди алдап, күбөлүк топтоткон экен. Биз мыйзамга каршы экенин билген эмеспиз. Жаңы үлгүдөгү күбөлүк болуп калса, жарандар алып калсын деген максатта эле чогултканбыз. Бишкекте иштеген Алмакан эже чогулткула деген. Биз элге көмөкчү бололу деп анын айтканын жасаганбыз.

https://www.facebook.com/867504386599595/videos/135148704070861/?tn-str=k*F

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты