Магнитогорск шаарындагы жарылуудан 37 киши каза болду

Орусиянын Магнитогорск шаарында 31-декабрда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 37ге жетти. Бул туралуу РИА Новости билдирди.

Магнитогорск шаарындагы жарылуудан 37 киши каза болду

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курмандыктардын арасында алты бала бар экенин кабарлады. Каза болгон 21 кишинин тек-жайы аныкталды. Дагы онго чукул адам дайынсыз.

Жаңы жылга караган түнү Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн.

Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдө газ жарылган болушу мүмкүн экенин, бул окуяны теракт катары мүнөздөөгө далилдер жоктугун маалымдаган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты