Орусияда мигранттарга такси айдаганга тыюу салган мыйзам биринчи окууда кабыл алынды

Орусияда мигранттарга такси айдаганга тыюу салган мыйзам биринчи окууда кабыл алындыОрусия Федерациясынын мамлекеттик думасында каралып жаткан мыйзам долбоору орус жарандыгы жок мигранттарды такси айдоосуна тыюу салат.

Бул мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Кыргызстандан барып иштеп жаткан мигранттардын арасынан такси айдап нан таап аткандар көп. Алардын айрымдары жол кырсыктарына учурап, терс жагынан көрүнгөн болсо, айрымдары 8 саат кардарын күтүп, капчыгын кайтарып берип жакшы жагынан көрүнүүгө жетишкен.

Эгер бул мыйзам долбоору кийинки окууларда дагы кабыл алына турган болсо, анда биздин мекендештерибиз башка жумуш издеши керек болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты