«Жунданын» сабалган мурдагы кызматкери тергөө жүргүзүүдөн баш тарткан арыз жазды

"Жунданын" сабалган мурдагы кызматкери тергөө жүргүзүүдөн баш тарткан арыз жазды«Жунданын» сабалган мурдагы кызматкери Искендер Мамыркулов тергөөчүгө иликтөө жүргүзүүдөн баш тарткандыгы тууралуу арызын жазып бергенин, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун «Азаттыкка» кабарлады.

2018-жылдын 11-декабрында Кара-Балта шаарында жайгашкан кытайлык «Жунда» заводунун мурдагы кызматкери Искендер Мамыркуловду белгисиз адамдар экинчи жолу сабап кетишкен. Анда ал арыз менен Жайыл райондук милицияга кайрылганын айткан.

Андан көп өтпөй Мамыркуловдун өзүнө «алдамчылык» беренеси менен райондук милиция кылмыш ишин козгогону маалым болду. Искендер Мамыркулов милиция кызматкерлеринин мындай аракетин өч алуу катары сыпаттап, аны сабап кеткендердин үстүндө Ички иштер министрлигинин адамдары турат деген ойдо. Ал өзүнүн сабалгандыгы боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөөдөн баш тарта тургандыгы тууралуу арыз жазганын айтты.

— Мен айылдашыма 35 миң сом акча карыз болчум. «Аны кийин 50 миң кылып берем» дегем. Ошону бетке кармап, «алдамчы», «аферист» деп, мага иш ачып койду. Алар мени «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенсиң» деп эч далилсиз жаманатты кылып жатышат. Жайында Кара-Балтадан бир бөлмөлүү батир сатып алгам. Ошону «Жундадан» 400 миң сомду коркутуп алган деген ушак кептерди милиция кызматкерлери өздөрү таратып, эми мени да камайбыз деп жатышат.

Учурда Мамыркулов үй-бүлөсүн Орусияга жөнөтүп салганын айтып, милиция кызматкерлеринин ишине нааразы экенин айтууда.

Мурда Мамыркулов ага өзүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери деп тааныштырган белгисиз бир адам телефон чалып, «Жунданын» ишине кийлигишпөөсүн эскертип, коркутканын айткан. Буга чейин белгисиз адамдар Мамыркуловду күндүз артынан келип, башка уруп кетишкен. Анда ал эс-учун жоготуп, кол салгандарды көрбөй калган.

Учурда Мамыркуловдун сабалган фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси боюнча («Адам уурдоо») кылмыш иши козголгон.

Кара-Балта шаарындагы 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген жоопкерчилиги чектелген «Жунда» ишканасын кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы куруп, ал 2014-жылы пайдаланууга берилген. Заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшалганы кабарланган.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты