Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 10 млн. сомго толукталды

Башкы прокуратура былтыр жыл аягында коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке мамлекетке экономикалык жана кызматтык кылмыштардан келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 10 792 192 сом которду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 10 млн. сомго толукталды

Маалыматк ылайык, ушуну менен Башкы прокуратура депозиттик эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 326 827 093 сомду түздү. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Ага ылайык, Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты