Жаңы жылга караган түнү 19 бала жоголуп табылган

Жаңы жылга караган түнү борбордук «Ала-Тоо» аянтында 19 бала жоголуп кетип, кайра табылган. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Жаңы жылга караган түнү 19 бала жоголуп табылган

Борбордук аянттан табылган балдар флагштоктун жанындагы милициянын пунктуна жеткирилген. Тартип коргоо органдарынын айткандарына караганда, 11 бала аянтка чоңдордун коштоосунда эмес, өз алдынча келип алышкан. Ал эми калган сегиз бөбөк ата-энесинен адашып кеткен. Алардын 7 жаштан 12 жашка чейинки куракта болгону айтылды.

Табылган он тогуз баланын баары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энесине кайтарылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты